Кадамжай шаары  тууралуу маалымат.

 

Кадамжай  шаары — Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районундагы шаар. Кадамжай pайонунун аймагында, Ак Суу дарыясынын боюнда жайгашкан.

Кадамжай шаары   2012-жылдын  27-сентябрында Кыргыз Республикасынын №168 мыйзамына негиз катары  Кадамжай поселкалык башкаруусунун базасында Орозбеков айыл аймагына караштуу Пүлгөн, Ташкыя, Чалташ айылдарын бириктирүү менен түзүлгөн.

Кадамжай шаары Кадамжай   районун  борборунан орун алып, деңиз  деңгээлинен  980 метр   бийиктикте  жайланышкан. Батыш  тарабынан  Халмион  айыл аймагы, чыгыш-түндүк    тарабынан Көтөрмө, Орозбеков айыл аймактары, Түштүк тарабынан Өзбек Республикасынын Фергана облусунун Вуадил району  менен  чектешип,  Түндүк тарабынан Марказ айыл аймагы менен чектешип, Өзбек Республикасы менен 19 км чектешип турат .

Кыргыз  Республикасынын  борбору  Бишкек  шаарынан 830 км, Баткен  облусунун  борбору  Баткен   шаарынан  103 км  алыстыкта, жакынкы аэропорттон 100, Ош аэропортуна 120 км аралыкта жайгашкан. Шаар аркылуу  Исфана — Ош — Бишкек автомобиль жолу өтөт.

Кадамжай шаарынын жалпы  аянты  12 191 гектарды  түзөт. Калкынын саны 2020-жылга карата  4324  кожолукта  15729 киши жашап жатат. Негизинен кыргыздар, ошондой эле  10 ашуун улуттардын  өкүлдөрү өзбек, орус, татар, корейлер, түрктөр жана башка улут өкүлдөрү да ынтымактуу жашайт.

Кадамжайдын негизги өнүгүү рычагы болгон Кадамжай сурьма комбинатынын  металлургиялык заводу  Кадамжайда жайгашкан. Ошондой эле, негизги өндүрүштү камсыздаган   кошумча цехтер жана участоктор  иш алып барат.

Кадамжай шаары улуу инсандары менен данкталып келет. Алардын ичинде Социалисттик Эмгектин баатыры  Азиз Токтобаев, Иван Кретинин, Эмгектин жана согуштун ветераны  Абдинаби Саматов,  Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты  Замира Туйгунова, КР Өнөр-жайынын эмгек сиңирген ишмери, химик-аналитик, “Даңк”медалынын ээси  Анипа Алымова, Юстициянын генерал-майору  Айтматова Турсунай, КР эмгек сиңирген мугалими Тамара Семеновна, КР эмгек сиңирген дарыгери  Осмонова Фаридалар элибиздин сыймыкту уул –кыздары болгон.

Бүгүнкү күндү Кадамжай  шаары  социалдык –инфраструктурасы өсүп, билим –берүү жана маданияты мыкты өнүгуп жаткан аймакка айланды.  Кадамжай сурьма комбинаты, тигүү фабрикасы, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, медициналык-санитардык мекемелер, кафе-барлар, тамактануу жана соода жайлары иштейт. Шаарда 5 орто мектеп  жана балдардын музыкалык мектеби, китепканалар, маданият үйү, 3 бала бакча, райондук борбордук оорукана, дарыканалар жана башка социалдык-инфраструктуралык объекттер арбын. Кадамжай шаарында Сапат билим берүү мекемесинин “Семетей” лицейи  татыктуу тарбия  жана билим берүү уясына айланды.  2015-жылдан бери Кадамжай шаарында  2 турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга жардам корсотуу  боюнча  “Кут кадам”  жана  башка борборлор иштеп жатат.

 

Кадамжайдын тарыхы

Аймактын Кадамжай деп аталышынын өзүнчө тарыхы бар. Башкача айтканда, мындан 1400 жылдан мурда Мухаммад алейхис-салам пайгамбарыбыздын күйөө баласы жана ислам динин таратууда эң ишенгени  Азирет Али шерри даргар ушул чөлкөмгө жасаган жүрүшүндө Кадамжайдын төрүндө токтоп, өрүштөгөн экен. Намаз окуган учурда таш да көлкүлдөп ээрип, тизеси батып, изи калган. Ошол үчүн Азирет-Алинин кадам изи түшкөн жер Кадамжай деп аталып калган дешет.

Кадамжай соода кербендеринин жолунда жайгашкан. Тагыраагы, Фергананы айланып отуп , Сыр – Дарыяга бара турган жана Алай ашууларына алып барган жолдордо жайгашкан.

Эми Кадамжайдын Совет доорундагы тарыхына кайрылсак, 1930-жылдын 22-декабрында мурунку контондор жоюлуп Ош округунда 24 район түзүлгөн. Алардын ичинде Исфайрам жана Күлдү болуштарынын негизинде Кызыл-Кыя району түзүлүп, борбору Үчкоргон айылы болгон.

1937-жылдын 1-апрелинен баштап район Молотов району болуп өзгөргөн. Кыргыз КП БКнын чечими менен 1938-жылда Молотов районунан Халмион районун бөлүнүп чыккан. 1940-жылдын 19-октябрынан Халмион району Фрунзе району, ал эми 1959-жылда Үчкоргон району жоюлуп, бир бөлүгү Фрунзе районуна кошулган.

1991-жылдын 15-мартындагы райондук кеңештин чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1992-жылдын 6-мартындагы токтомунуну негизинде Фрунзу району Кадамжай району болуп кайрадана  катталуу менен өзүнүн тарыхый атына ээ болгон.

Тарыхый жактан Кадамжай шаары  алгач сурма өндүрүү боюнча комбинатта эмгектенген   металлургдардын поселогу катары 1936 –жылы түзүлгөн. 1941-жылы   Фрунзе аталышындагы шаар тибиндеги поселок макамына ээ болуп түзүлгөн. КР көз карандысыздыкка жетишкен мезгилден соң, Кадамжай райондук Кеңешинин  XXI   чечимине ылайык Фрунзе шаар тибиндеги шаарчасы (поселогу) Кадамжай шаарчасы  болуп түзүлгөн.

2012-жылдын  27-сентябрында Кыргыз Республикасынын №168 Мыйзамына негиз катары  Кадамжай поселкалык башкаруусунун базасында  курамына Орозбеков айыл аймагына караштуу Кадамжай шаарчасы, Пүлгөн, Ташкыя, Чалташ айылдарын жана Жийделик участкасын бириктирүү менен  Кадамжай шаары болуп түзүлгөн.

 

Кадамжайдын кооз жерлери:

“Азирети Али” тарыхый-маданий комплекси:

Алай кырка тоолорунун Катран тоосунун капталында, Ак-Суу дарыясынын боюнда

“Азирети Али” тарыхый-маданий комплекси жайгашкан. Ал комплекс 1999- жылы уюштурулган.  Байыртадан келе жаткан уламыштарга жараша,  Пайгамбар Мухаммед Алейхи вассаламдын ислам динин жайылтуусу, күйөө баласы  Азирети Алинин   намаз окуган мезгилде калган кадам издерин жайында бул зыярат кылуу пайда болгон дешет.

 

 

 

 

“Жийделик”  эс алуу жайы:

“Жийделик”  эс алуу жайы Кадамжай шаарынан 3 км алыстыкта жайгашкан. Бул эс алуу жайынын негизин  Алай тоолорунун кучагында, деңиз деңгээлинен 1000 м бийиктикте  жайгашкан Жийделик көлү түзөт. Жийделик көлүнө   агып келүүчү суу  тери ооруларына дарылык касиети бар  “Котур булак” булагынан келип түшөт.  Бул эс алуу жайы жыл сайын жай мезгилинде шаардыктардын жана  көпчүлүк коноктордун сүйүктүү эс алуу жайына айланып, көптөгөн туристтердин кызыгуусун арттырып келет.