Внимание конкурс!

Кадамжай шаардык мэриясы административдик кызмат орундарынын төмөнкү топторунун кадрлар резервине киргизүү үчүн сынак жарыялайт:

  1. Административдик кызмат орундарынын кенже тобу.

Кесиптик билиминин деңгээли:

— жогорку же болбосо орто кесиптик билим (багытына талап коюлбайт);

— иш стажына талаптар коюлбайт.

Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

-жалпы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы.

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана же расмий тилди билүүсү.

Билгичтиги:

-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

-командада иштөө.

Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

  1. Административдик кызмат орундарынын улук тобу.

Кесиптик билиминин деңгээли:

— жогорку билим (багытына талап коюлбайт);

— жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

-жалпы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”,  “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби  жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана же расмий тилди билүүсү.

Билгичтиги:

-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-аналитикалык документтерди даярдоо;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

Көндүмдөр:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

  1. Административдик кызмат орундарынын башкы тобу.

 Кесиптик билиминин деңгээли:

— жогорку билим (багытына талап коюлбайт);

— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы.

Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

-жалпы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын                              3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

адам ресурстарын башкаруу жаатындагы;

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү.

 Билгичтиги:

-ишти стратегиялык пландаштыруу жана пайда болгон проблемаларды чечүүдө жаңы ыкмаларды колдонуу;

-кураторлук түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн ишин натыйжалуу башкаруу;

-кыйын кырдаалдарда чечим кабыл алуу жана кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик тартуу;

-кызматкерлердин алдына так түзүлгөн милдеттерди коюу жана алардын ишине калыс баа берүү;

-жамаатта жагымдуу социалдык-психологиялык климатты түзүү жана инсандардын ортолорунда баарлашуунун заманбап ыкмаларын колдонуу;

-кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;

-чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.

Көндүмдөрү:

-башкаруучулук менеджмент;

-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

-башкаруучулук иш (пландаштыруу, уюштуруу, координациялоо, жүйөлөштүрүү жана контролдоо);

-эл алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

-белгилүү чөйрөдөгү ишти талдоо жана божомолдоо, пайда болгон проблемаларды чечүүдө жаңы ыкмаларды колдонуу;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу жана стратегиялык чечимдерди аткаруунун, кабыл алынган чечимдердин натыйжаларына мониторинг жүргүзүүнүн, контролдоонун, талдоонун жана божомолдоонун сапаты үчүн жоопкерчилик тартуу;

-иштиктүү баарлашуунун, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү,

-компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

Сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөндөгү документтерди конкурстук комиссияга тапшырышы зарыл:

 

Конкурстук комиссиянын төрагасынын наамына талапкердин жеке арызы (муниципалдык кызмат ордунун тобун көрсөтүү менен);

Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен)

Кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы;

Паспортунун көчүрмөсү;

Аскердик билетинин көчүрмөсү;

Өмүр баян (өз колу менен жазылган, соттолгондугу жана соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен);

Эмгек китепчесинин (иш стажы бар болсо) жана билими тууралуу документеринин нотариус аркылуу же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

Сынакка катышуу үчүн жогорудагы документтерди сынак расмий түрдө массалык-маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып 20 календарлык күндүн ичинде (2022-жылдын 10-майы саат 18.00гө чейин) Кадамжай шаардык мэриясынын аппарат жетекчисине.

Эскертүү:

Ачык конкурска андан ары катышуу үчүн документтери коюлган талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так көрсөтүлүшү керек.

Тийиштүү тармактагы укуктук ченемдик актылар боюнча маалыматты Кадамжай шаардык мэриясынын аппарат жетекчисинен тактоого болот.

 

Дареги: Кадамжай шаары, А.Орозбеков көчөсү 200, кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефондору: (03655) 5-07-15.