Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиев: 7-Апрель — Элдик революция күнү. Кыргыз эли эркиндик, адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук үчүн бийликке каршы чыккан тарыхый окуя.
2010-жылдын 7-апрелиндеги кандуу төңкөрүшкө быйыл туура 12 жылдын жүзү болду. . Бул дата Кыргызстандын кайра жаралууга багыт алган күнү катары тарыхта калды. Элдик революция күнү катары жыл сайын белгиленип, сабактары, себептери, кесепеттери, аны менен бирге алигече максатына жете электиги бүгүнкү күндө да байма-бай айтылып келет.Ап»Биринчиден, 2002-жылдын 17-марты, 2005-жылдын 24-марты жана 2010-жылдын 7-апрели кыргыз элинин эркиндик, демократия жана адилеттик үчүн күрөш жолунун үч ашуусу экенин унутпасак. Бир жолдун үч ашуусу, бир күрөштүн, бир кармаштын үч эң маанилүү күндөрү экенин унутпасак. Экинчиден, эзелтен эле дүнүйөдө кандай гана эл болбосун күрөштүн, кармаштын, согуштун башталышын же ортосундагы жеңиштерин майрамдабайт, соңку жеңиш күнүн майрамдайт. Үчүнчүдөн, кандай элди, кандай өлкөнү албайлы, алар азыркы мезгилде майрамдаган тарыхый күнү убагында канчалык кайгылуу, муңдуу күн болсо да, азыр ал күндөр ошол элдер үчүн, ошол өлкөлөр үчүн эң салтанаттуу майрам болуп эсептелинет.е Албетте, мындай майрам күндөр кыйла мезгил өткөнгө чейин кайгы аралаш, көз жаш аралаш болот. Бирок бара-бара тарыхта из калтыруучу майрамга айланат».
Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиев: 7-Апрель — Элдик революция күнү. Кыргыз эли эркиндик, адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук үчүн бийликке каршы чыккан тарыхый окуя.
2010-жылдын 7-апрелиндеги кандуу төңкөрүшкө быйыл туура 12 жылдын жүзү болду. . Бул дата Кыргызстандын кайра жаралууга багыт алган күнү катары тарыхта калды. Элдик революция күнү катары жыл сайын белгиленип, сабактары, себептери, кесепеттери, аны менен бирге алигече максатына жете электиги бүгүнкү күндө да байма-бай айтылып келет.Ап»Биринчиден, 2002-жылдын 17-марты, 2005-жылдын 24-марты жана 2010-жылдын 7-апрели кыргыз элинин эркиндик, демократия жана адилеттик үчүн күрөш жолунун үч ашуусу экенин унутпасак. Бир жолдун үч ашуусу, бир күрөштүн, бир кармаштын үч эң маанилүү күндөрү экенин унутпасак. Экинчиден, эзелтен эле дүнүйөдө кандай гана эл болбосун күрөштүн, кармаштын, согуштун башталышын же ортосундагы жеңиштерин майрамдабайт, соңку жеңиш күнүн майрамдайт. Үчүнчүдөн, кандай элди, кандай өлкөнү албайлы, алар азыркы мезгилде майрамдаган тарыхый күнү убагында канчалык кайгылуу, муңдуу күн болсо да, азыр ал күндөр ошол элдер үчүн, ошол өлкөлөр үчүн эң салтанаттуу майрам болуп эсептелинет.е Албетте, мындай майрам күндөр кыйла мезгил өткөнгө чейин кайгы аралаш, көз жаш аралаш болот. Бирок бара-бара тарыхта из калтыруучу майрамга айланат». революциясында каза болгондор эскерилүүдө