Без рубрики

“Билимдуу жаштар –жаркын келечек!”  акыл таймаш кубогу

Үстүбүздөгү жылдын  2 апрелинде  Кадамжай шаарында “Билимдуу жаштар –жаркын келечек!”  аталышындагы  мектеп окуучуларынын  “Акыл таймаш” оюну боюнча Кадамжай шаарынын мэри Бегалиев Бакытбек Турдалиевичтин кубогу  болуп өттү. Аталган иш – чара КР  Президентинин  Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбия жөнүндөгү 2021 – жылдын 29-январындагы   жарлыгын турмушка ашырууну колго алды.

Акыл таймаштын  максаты:  өсүп келе жаткан мектеп окуучуларынын билимге болгон кызыгуусун арттыруу жана дүйнөгө  болгон көз карашын  интеллектуалдык оюн аркылуу  айкалыштырып жеткирүү болуп саналат.

Аталган акыл таймашына, өз билимин, тапкычтыгын жана дилгирлигин башкалар менен сынашууга  Кадамжай району  боюнча  35 команда түзүлүп, 300 ашуун мектеп окуучулары катышты.  Оюндун жүрүшүндө  катышуучулар  жалпы кругозордук, мекенди таануу, предметтик суроолор боюнча билимин сынашты.

Натыйжада, мыктылардын – мыктысы аныкталып, баалуу белектер менен сыйланышты. Атап айтсак,  женүүчүлөр болуп,  1 –орунду  камсыз кылган “Семетей” лицейинин командасы  аныкталып, Кадамжай шаарынын мэринин кубогу,  диплом жана 3000 сомдон акчалай сыйлык тапшырылып.

2 – орунга  “Охна” гимназия мектебинин командасына Ардак грамота,  2 мин сом акчалай сыйлык жана китептер ыйгарылды.  3-орунду ээлешкен   Кадамжай Кыргыз лицеинин командасы  Ардак грамота,  1000 сом акчалай сыйлык  жана китептер менен сыйланышты.

Кадамжай шаардык мэриясынын кызматкерлери  “Билеги күчтүү бирди жыгат- билими күчтүү минди жыгат” демекчи, билимдүү жаштарга ийгилик каалап,  жакшы каалоо- тилектерди айтышты. Баардык катышуучуларга  жана уюштуруучуларга мугалимдер жана  ата-энелер  тарабынан  ыраазычылык билдиришип, кубанып турушту.

Author

admin-profipro

Leave a comment

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *