Без рубрики

Кадамжай шаарында балдарга шандуу майрам тартууланды.

1-июнь – Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата  Кадамжай шаарында кичинекей тургундарыбыз болгон жалпы балдарга көнүлдүү маанай тартуулоо үчүн майрамдык  иш – чара уюштурулду. Майрамдык салтанатка Кадамжай шаардык мэриясынын  кызматкерлери, мекеме- уюмдардын өкүлдөрү,  мугалимдер, шаарыбыздагы бала – бакчалардын тарбиялануучулары,  болгон кичинекей бөбөктөр, ата-энелер жана жергиликтүү тургундар катышты.

Кадамжай шаардык мэриясынын  адистери, келген коноктор куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, катышып олтурган 300 ашуун балдарга чың ден соолук, узун өмүр каалап, келечекте эл керегине жараган мыкты инсандар болуп чыгуусуна жакшы тилектерин айтышты.

Майрамдык иш – чарада балдар үчүн  концерт, сүрөт тартуу, кызыктуу оюн-зооктор  өткөрүлүп, куурчак театры сахналаштырылган чыгармасын тартуулашты.

Ар бир келген мотурайган бөбөктөрдүн күлкүсү жанырып, шандуу маанай тартууланды.

Баардык уюштуруучуларга жана  активдүү  катышуучуларга терең ыраазычылык билдиребиз.

Author

admin-profipro

Leave a comment

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *