жөнүндө
Кадамжай шаары — Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районундагы шаар
Кадамжай pайонунун аймагында, Ак Суу дарыясынын боюнда жайгашкан.
Кадамжай шаары 2012-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын №168 мыйзамына негиз катары Кадамжай поселкалык башкаруусунун базасында Орозбеков айыл аймагына караштуу Пүлгөн, Ташкыя, Чалташ айылдарын бириктирүү менен түзүлгөн.
Кадамжай шаары Кадамжай районун борборунан орун алып, деңиз деңгээлинен 980 метр бийиктикте жайланышкан. Батыш тарабынан Халмион айыл аймагы, чыгыш-түндүк тарабынан Көтөрмө, Орозбеков айыл аймактары, Түштүк тарабынан Өзбек Республикасынын Фергана облусунун Вуадил району менен чектешип, Түндүк тарабынан Марказ айыл аймагы менен чектешип, Өзбек Республикасы менен 19 км чектешип турат .
Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарынан 830 км, Баткен облусунун борбору Баткен шаарынан 103 км алыстыкта, жакынкы аэропорттон 100, Ош аэропортуна 120 км аралыкта жайгашкан.
Кадамжай шаары улуу инсандары менен данкталып келет. Алардын ичинде Социалисттик Эмгектин баатыры Азиз Токтобаев, Иван Кретинин, Эмгектин жана согуштун ветераны Абдинаби Саматов, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты Замира Туйгунова, КР Өнөр-жайынын эмгек сиңирген ишмери, химик-аналитик, “Даңк”медалынын ээси Анипа Алымова, Юстициянын генерал-майору Айтматова Турсунай, КР эмгек сиңирген мугалими Тамара Семеновна, КР эмгек сиңирген дарыгери Осмонова Фаридалар элибиздин сыймыкту уул –кыздары болгон. Жыйыштыруу
Окууну улантууШаарда 5 орто мектеп жана балдардын музыкалык мектеби, китепканалар, маданият үйү, 3 бала бакча, райондук борбордук оорукана, дарыканалар жана башка социалдык-инфраструктуралык объекттер арбын. Кадамжай шаарында Сапат билим берүү мекемесинин “Семетей” лицейи татыктуу тарбия жана билим берүү уясына айланды. 2015-жылдан бери Кадамжай шаарында 2 турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга жардам корсотуу боюнча “Кут кадам” жана башка борборлор иштеп жатат. Жыйыштыруу
Окууну улантуутарыхы
Кадамжайдын кооз жерлери:
“Азирети Али” тарыхый-маданий комплекси:
Алай кырка тоолорунун Катран тоосунун капталында, Ак-Суу дарыясынын боюнда
“Азирети Али” тарыхый-маданий комплекси жайгашкан. Ал комплекс 1999- жылы уюштурулган. Байыртадан келе жаткан уламыштарга жараша, Пайгамбар Мухаммед Алейхи вассаламдын ислам динин жайылтуусу, күйөө баласы Азирети Алинин намаз окуган мезгилде калган кадам издерин жайында бул зыярат кылуу пайда болгон дешет.
“Жийделик” эс алуу жайы:
“Жийделик” эс алуу жайы Кадамжай шаарынан 3 км алыстыкта жайгашкан. Бул эс алуу жайынын негизин Алай тоолорунун кучагында, деңиз деңгээлинен 1000 м бийиктикте жайгашкан Жийделик көлү түзөт. Жийделик көлүнө агып келүүчү суу тери ооруларына дарылык касиети бар “Котур булак” булагынан келип түшөт. Бул эс алуу жайы жыл сайын жай мезгилинде шаардыктардын жана көпчүлүк коноктордун сүйүктүү эс алуу жайына айланып, көптөгөн туристтердин кызыгуусун арттырып келет.