КАДАМЖАЙ

Баткен облусу

Кадамжай шаардык кеңешинин жана мэриясынын расмий сайты 

КАДАМЖАЙ

Баткен облосу

Кадамжай шаардык кеңешинин жана мэриясынын расмий сайты

Кадамжай шаарынын мэриясы

Кадамжай шаардык кеңеши

Кадамжай шаары жөнүндө маалымат

2021-shar

ШААР ЖӨНҮНДӨ

Кадамжай району — Баткен облусундагы административдик бирдик. Район 1938-ж. 2-мартта уюшулган (1999-ж. чейин Фрунзе району). Облустун чыгыш бөлүгүндө жайгашып, батышынан Баткен району, түштүгүнөн Ош облусунун Чоң Алай, Ноокат райондору, түндүгүнөн Өзбекстан менен чектешет. Аянты 6,1 миң км2. Калкы 176 миң. Райондо 3 шаар (Айдаркен, Кадамжай,Кызыл-Кыя), 2 шаарча ( Совет, Чабай), 11 айыл өкмөтү, 93 кыштак бар. Борбору Кадамжай шаары

0
КАЛКЫ
0 км2
АЯНТЫ

ЖАҢЫЛЫКТАР

Объявление – Бесплатные иконки: маркетинг

КООМДУК УГУУЛАР БОЮНЧА БИЛДИРҮҮ


Урматтуу Кадамжай шаарынын тургундары!

 Сиздерге Кадамжай шаардык мэриясы, «Кадамжай шаарына 4 км ичүүчү суу түтүгүн кошумча тартуу» жана «Кадамжай шаарындагы аллеяны реконструкциялоо» кичи долбоорлору боюнча коомдук угууларды өткөрүү тууралуу билдирет.Шаарыбыздын инфраструктурасынын өнүгүшү жана ирригациясынын жакшырышы үчүн коомдук угууга жигердүү катышып берүүңүздөрдү суранабыз!

Өткөрүү күнү: 2024-жылдын 22-майы, саат 9:00. Ж.Мамажанов атындагы маданият үйү.

Чакан долбоорлор Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу (АРИС) тарабынан Баткен облусунда “Аймактарды өнүктүрүү долбоорунун” алкагында Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭОА) каржылоосу менен ишке ашырылууда.

Чакан долбоорлордун алкагында Ак-Суу дарыясынын Ак-Жер участкасынан Кадамжай шаарындагы Азирет-Али тилкесине чейин кошумча магистралдык суу түтүгүн куруу жана шаардык аллеяны реконструкциялоо пландалууда.

Долбоордук-сметалык документтер долбоорлоо уюмдары тарабынан иштелип чыккан:

1. «Мусай» ЖЧКсы - суу долбоору боюнча;

2.  «АСК Систем» ЖЧКсы - аллея боюнча.

Курчап турган чөйрөнү жана социалдык башкаруу пландары АРИС тарабынан түзүлгөн.

Экологиялык жана социалдык башкаруу пландары төмөнкү шилтемелер же QR коддору аркылуу жеткиликтүү::

https://cloud.mail.ru/public/x4j3/5YQTbuCvm - суу долбоору боюнча

https://cloud.mail.ru/public/Lio9/CZR7Ses6s  -  аллея боюнча

 

Долбоор тууралуу видео презентация төмөнкү шилтемеде жеткиликтүү::

https://cloud.mail.ru/public/xEDL/CkQGGnchd

же QR коду аркылуу:

КОНКУРСТАР