Кадамжай шаарында болуп жаткан жаңылыктар түрмөгү
Жийделикте жол кеңейтилди
Кадамжай шаардык мэриясы авто кырсыктарды болтурбоо, алдын алуу максатында иштерди алып барууда. Бул багытта Кадамжай шаарынын аймагында кооптуу жагдайларды жараткан жол тилкелери оңдоо-түздөө, кеңейтгө алынууда. Ушул иш чаралардын бири болуп, Жийделик участкасындагы жолдун кеңейтүлүүсү болду. Ушул күнгө чейин көптөгөн унаа кырсыктарына себеп болгон кооптуу бурум «кара тумшук» бтүндөй эле катуу таштан турганына карабастан талкаланып 4 метрге кеңейтилди.
Долбоорго жергиликтүү бюджеттин эсебинен 493 060 сом каржыланып, ал жергиликтүү «Омега» ЖЧК тарабынан аткарылды. М. Жалилов
Балдар бакчасы маселеси иш жүзүндө чечилүүдө
Көптөн бери шаарыбыздын эле эмес бүтүндъй Кыргызстандын көптөгөн аймактарында олутту маселеге айланган балдар бакчасы көйгөйү, Кадамжай шаардык мэриясы тарабынан колдоого алынып бул багытта алгылыктуу жумуштар жасалууда. Мисалы №2 «Солнышко» балдар бакчасынын жанына 2 тайпага ылайыктуу кошумча курулма курулуп бүткөнү калды.
Бул долбоордун натыйжасында 60 баланын заманбап шартта тарбия алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Долбоорго жергиликт бюджеттин эсебинен 3783 000 сом, АРИС уйуму тарабынан болсо 2 000 000 сом жардам көрсөтүлдү. Баардыгы болуп 5 783 000 сомду түздү. М.Жалилов
Балдар бакчасы кайтарылып алынууда
Кадамжай шаардык мэриясы №4 «Жылмаю» (Улыбка) балдар бакчасын толугу менен кайтарып алып, заманбап капиталдык оңдоо-түздөөдөн өткөрүүдө. Аталган иш-чара башталып, бакчанын имаратында жайгашып калган Мамлекеттик нотариус жана райондук ЖААК (ЗАГС) бөлүмү башка жайга чыгууга аргасыз болду.
Буга чейин бакчанын имаратында 1 эле гана тайпа иштеп турган болсо долбоордун бүтүшү менен 5 тайпа болот. Бул деген 150гө жакын балага заманбап шартта тарбия алуусуна мүмкүнчүлүк түзөт.
Тендер жолу менен өткөрүлөн конкурстун натыйжасында жергиликтүү «ШКБ» (ШСУ) иш канасы утуп алды. Тендерге капиталдык оңдоо-түздөөгө сметалык баасы 4 978 000 каралган, фактылык баасы 4 525 000 болду.
Балдарыбыздын жаркын келечеги үчүн дагы көптөгөн жумуштар жасалмакчы.
М.Жалилов
Кадамжай түнкүсүн да жарык шаар
Кадамжай шаардык мэриясы шаарыбызды кечкисин жарыктандырууну эң алдыңкы орунда болгон көйгөйлөрдөн деп билет. Бул максатта шаардын негизги жолу болгон А. Орозбеков проспектисине түнкү жарыткычтар орнотулуп тургундарыбызга ыңгайлуу шарт түзүү менен биргеликте шаарыбыздын көркүн ачууда.
Жарыктандыруунун тирегичтеринин бийиктиги 14 м , РГУ 400 типиндеги түнкү жарыткычтар орнотулган. Бул долбоордун сметалык баасы 9 500 000 сом болсо, фактылык баасы 7 850 000 сом болгон.
Алдыда дагы башка көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. М.Жалилов
«Таш арык» сугат суусу калыбына келтирилди
Кадамжай шаарында эки чоң арыктын бири болгон таш арыкты элдин сугат суу менен камсыз болуусун үзгүлтүккө учуратпоо үчүн, арыктын башталгыч жагында жээктерин бекемдөө(бетондоо), оңдоп-түздөө иштери жргүзүлдү. Айта кетчү нерсе бул арыктан 1700 кожолук пайдасын көрөт.
Бул максатта жергиликтүү бюджеттен 338 000 сом сарпталган. М.Жалилов
«Кадамжай-Пресс» шаардын гезити
Кадамжай шаардык мэриясынын өздүк гезити «Кадамжай-Пресс» ачылды. Бул гезит аркылуу көздөлгөн максат элибиздин жашоо-тумушун чагылдыруу, мэриянын жасап жаткан жумуштарын тургундарга таамай жеткирип туруу, таланттарды элге таанытуу, жарыя-жарнамаларды өнүктүрүү. Гезиттин башкы редактору болуп А.Тажибаев дайындалды. Баарыңыздарды бул гезитибизге жазылууга, дайыма жашаган шаарыбыз жөнүндө кабардар болуп турууга чакырабыз.