Шаар аймагында акыркы конгуроо майрамына карата эскертүү.

Шаар аймагында акыркы конгуроо майрамына карата эскертүү иштери жүрүп жатат.

Кадамжай шаардык мэриясынын кызматкерлери ар бир мектепке барып, мугалимдер жана ата-энелерге окуучулардын коопсуздугун сактоо жана аларды көзөмөлдө боюнча эскертүү берүүдө.

Ошондой эле 9, 11 класстын  бүтүрүүчүлөрү  үчүн окуу жылын аягындагы иш-чараларда өз алдынча экскурцияларды уюштурууга, унаалар менен сейилдөөлөргө кафе-ресторандарда иш-чараларын өткорүүгө  тыюу салынарын жана мыйзамда көрсөтүлгөн жоопкерчиликтер боюнча түшүндүрүү  иштерин жүргүзүүдө.