Кадамжай шаардык Кенеши боюнча тактама маалыматтар

Кадамжай шаары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 27-сентябрындагы №168-Жарлыгы менен Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай шаар тибиндеги поселогу райондук маанидеги шаардын категориясына киргизилген. 2012-жылдын 26-декабрынан баштап Кадамжай шаардык кенеши түзүлгөн. Кадамжай шаардык кенеши ЖСН:02708201310027 Кадамжай району боюнча Мамлекеттик салык башкармалыгынан 2013-жылдын 27-августунда каттоодон өткөн. 2012-жылдын 25-ноябрындагы шайлоонун жыйынтыгы менен Кадамжай шаардык кенешинин I чакырылышында 21 депутат шайланган.

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык Кадамжай шаардык Кенеши шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат. Шаардык Кенеш сессиялык иштеген, шаардын тийиштүү аймагында жашаган жарандары жалпы, бирдей жана түз шайлоо укугунун негизинде 4 жылдык мөөнөткө жашыруун добуш берүү менен шайланган депутаттардан турат.

Шаардык Кенештин жана анын органдарынын ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кенештердин депутаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары, шаардын Уставы жана шаардык Кенештин регламенти менен аныкталат.

Шаардык Кенештин депутаттары Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, болуп өзгөргөн.

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү Кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары жана ченемдик укуктук актылары, ошондой эле ушул регламент белгилеген кепилдиктердин негизинде өздөрүнүн укуктарын жана милдеттерин тоскоолсуз ишке ашыра алышат.

Шаардык Кенештин сессияларында шаардык Кенештин депутаттары жамааттык жана эркин талкуулоонун негизинде, ошол жергиликтүү Кенештин тескөөсүнө таандык маселелерди карашат жана чечишет.

2021-жылдын 11-апрель айында шайлоо өтүп 30-апрель БШК тизме бекитилип, Кадамжай шаардык кенешинин IV чакырылышынын 1-сессия 2021-жыл 11-май болуп өз ишмердүүлүгүн баштап мандат алышкан. Өзүнүздөргө белгилүү болгондой Кадамжай шаардык Кеңеши  партиялык тизме менен бекитилип, шайланган. 5 фракция бар: “Ынтымак”, “Улуу Журт”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Өнүгүү прогресс”, “Калыс” саясий партиялары.

4 туруктуу комиссия:

  1. Каржы, бюджет жана экономиканы онуктуруу боюнча туруктуу комиссиясы;
  2. Жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясы;
  3. Социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясы;
  4. Регламент, мыйзамдуулук, этика жана мамлекеттик кызмат боюнча туруктуу комиссиясы.

1. Каржы, бюджет жана экономиканы онуктуруу боюнча туруктуу комиссиясы

2. Жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясы

3. Социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясы

4. Регламент, мыйзамдуулук, этика жана мамлекеттик кызмат боюнча туруктуу комиссиясы

Кадамжай шаардык Кенеши боюнча

тактама маалыматтар