Кадамжай шаары 2012-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын №168 мыйзамына негиз катары Кадамжай поселкалык башкаруусунун базасында Орозбеков айыл аймагына караштуу Пүлгөн, Ташкыя, Чалташ айылдарын бириктирүү менен түзүлгөн.
Кадамжай шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы катарында Кадамжай шаардык Кеңеши жана Кадамжай шаарынын мэриясы өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.
Кадамжай шаары түзүлгөндөн баштап шаарды төмонку мэрлер жетектеп келишкен:
2012-ж декабрь айынан – 2013-ж. декабрьга чейин — Пазылов Асанбай;
2014-ж. апрель айынан – 2017 –ж. июль айына чейин – Камбаров Толкунжан;
2017-ж. июль айынан – 2021-ж. март айына чейин – Бегалиев Бакыт.
2021-ж. июнь айынан баштап – Бегалиев Бакыт кайрадан мэр болуп шайланды.