КАДАМЖАЙ ШААРЫ ЖӨНҮНДӨ

Кадамжай (байыркы кыргызча: 𐰴𐰀𐰑𐰀𐰢𐰲𐰀𐰖) — Кыргыз Республикасынын Баткен облуснун Кадамжай районундагы шаар. Кадамжай pайонунун аймагында, Шаймерден суусунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Пүлгөн кыштагынан 2 км түштүк тарапта. Фергана темир жол бекетинен (Өзбекстан) 31 км. Калкы 6,7 миң (2009); негизинен кыргыздар, ошондой эле өзбек, орус, татар жана башка улут өкүлдөрү да жашайт. Ал аркылуу Исфана — Ош — Бишкек автомобиль жолу өтөт. Кадамжай сурьма комбинаты, тигүү фабрикасы, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, медициналык-санитардык мекемелер, кафе-барлар, тамактануу жана соода жайлары иштейт. Шаарда 3 орто жана балдардын музыкалык мектеби, китепканалар, маданият үйү, 3 бала бакча, райондук борбордук оорукана, дарыканалар жана башкалар бар.

Кадамжай району — Баткен облусундагы административдик бирдик. Район 1938-ж. 2-мартта уюшулган (1999-ж. чейин Фрунзе району). Облустун чыгыш бөлүгүндө жайгашып, батышынан Баткен району, түштүгүнөн Ош облусунун Чоң Алай, Ноокат райондору, түндүгүнөн Өзбекстан менен чектешет. Аянты 6,1 миң км2. Калкы 143,9 миң (2009). Райондо 3 шаар (Айдаркен, Кадамжай,Кызыл-Кыя), 2 шаарча ( Совет, Чабай), 11 айыл өкмөтү, 93 кыштак бар. Борбору Кадамжай шаары.

Район Фергана өрөөнүнүн тоо этегиндеги түштүк бөлүгүн жана Алай кырка тоосунун өрөөнгө караган түндүк тарабын ээлейт. Деңиз деңгээлинен эң жапыз жери 700 м (Бүргөндү массивинде), эң бийик жери 5259 м (Алай кырка тоосунда). Фергана өрөөнүн адырлар чектеп, айрым жерлеринде түздүктөр кездешет. Адырлардан түштүгүрөөк этек тоолор зонасы жатат. Андан ары Кербен Көк-Жар (батыш бөлүгү), Охна жана Айдаркен ойдуңдары жайгашкан. Райондун аймагы табигый кендерге бай. Отун ресурстарынан күрөң көмүрдун мааниси зор (Кызыл-Кыя, Беш-Буркандын батыш чети). Сурьма жана сымаптын (Кадамжай, Айдаркен, Кан ж. б.) запасы боюнча БорбордукАзияда алдыңкы орунда. Курулуш материалдары (гипс, мамы таш, кум-шагыл, чопо ж. б.), коргошун, алтын кендери бар. Климаты континенттик. Жайы ысык, кургакчыл, кышы мелүүн суук. Январдын орточо температурасы түздүктөр менен адырлар тилкесинде -2,6… -6,4°С, тоолордо -8,9°С, июлдуку түздүктөр менен адырларда 26,8°С, тоолордо 10,6-19,1°С. Жылдык жаан-чачыны 200-500 мм. Суулары: Исфайрам-Сай, Шаймерден, Ак-Суу ж. б. Топурак-өсүмдүктөрү бийиктик мыйзам ченемине ылайык өзгөрөт. 

2012-жылдын 26-декабрынан баштап Кадамжай шаардык кенеши түзүлгөн

Кадамжай шаары Кыргыз Республикасынын Президетинин 2012-жылдын 27-сентябрындагы №168-Жарлыгы менен Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай шаар тибиндеги поселогу райондук маанидеги шаардын категориясына киргизилген. 2012-жылдын 26-декабрынан баштап Кадамжай шаардык кенеши түзүлгөн. Кадамжай шаардык кенеши ЖСН:02708201310027 Кадамжай району боюнча Мамлекеттик салык башкармалыгынан 2013-жылдын 27-августунда каттоодон өткөн. 2012-жылдын 25-ноябрындагы шайлоонун жыйынтыгы менен Кадамжай шаардык кенешинин I чакырылышында 21 депутат шайланган.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык Кадамжай шаардык Кенеши шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат. Шаардык Кенеш сессиялык иштеген, шаардын тийиштүү аймагында жашаган жарандары жалпы, бирдей жана түз шайлоо укугунун негизинде 4 жылдык мөөнөткө жашыруун добуш берүү менен шайланган депутаттардан турат.

Шаардык Кенештин жана анын органдарынын ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кенештердин депутаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары, шаардын Уставы жана шаардык Кенештин регламенти менен аныкталат.

Шаардык Кенештин депутаттары Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы,болуп өзгөргөн.

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү Кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары жана ченемдик укуктук актылары, ошондой эле ушул регламент белгилеген кепилдиктердин негизинде өздөрүнүн укуктарын жана милдеттерин тоскоолсуз ишке ашыра алышат.

“Жергиликтүү Кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”

Шаардык Кенештин сессияларында шаардык Кенештин депутаттары жамааттык жана эркин талкуулоонун негизинде, ошол жергиликтүү Кенештин тескөөсүнө таандык маселелерди карашат жана чечишет. 2017-жылдын 28-май айында шайлоо өтүп 5-июньда БШК тизме бекитилип, 1-сессия 2017-жыл 16-июнь болуп өз ишмердүүлүгүн баштап мандат алышкан. Өзүнүздөргө белгилүү болгондой Кадамжай шаардык Кеңеши  партиялык тизме менен бекитилип, шайланган. 4 фракция бар.

4 туруктуу комиссия:

1. Каржы, бюджет жана экономиканы онуктуруу боюнча туруктуу комиссиясы

2. Жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясы

3. Социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясы

4. Регламент, мыйзамдуулук, этика жана мамлекеттик кызмат боюнча туруктуу комиссиясы